Бүгүн Палестин автономиясынын премьер-министри Ахмед Корейи жана египеттик арачылар Газа тилкесинде палестин радикал топтору менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп жатышат.
Корейи жана египеттик чабармандар жөөттөр менен элдешүү жана “жол картасы” тынчтык планын жандантуу ирээтинде, согушчан топторду Израилге каршы соккуларын токтотууга көндүрүүнү максат кылышууда. “Хамас” жана “Ислам Жихады” уюмдары Израил менен жарашууга даяр экенин айтышса, “ал-Акса шейиттери” ок атышууну токтотпой турганын бүгүн жарыялады.
Израилдин түштүк чек арасында болсо бүгүн куралчан эки адам Иордания тараптан ок ачып, эки кишини жарадар кылышты. Израиль радиосунун маалыматына ылайык, жөөт аскерлери кол салган экөөнү тең атып өлтүрүштү.