Президент Шеварднадзе өзгөчө кырдаал киргизилгенин жарыялап, оппозициячылардын парламентти басып алганын мамлекеттик төңкөрүш өткөрүү аракети деп атады. Демонстрацияга чыккан оппозициячылар полициянын тосмосун жарып өтүп, парламенттин имаратын басып алышкан. Телекамералар тартып алган тасмалар жүздөгөн оппозициячылар президент Шеварднадзе жаңыдан шайланган парламенттин жыйынын ачып сүйлөп жаткан чакта ал жакка кирип барганын көргөзүштү. Оппозициячылардын лидери Михаил Саакашвили чогулгандарга кайрылып, анын колдоочулары күч колдонууга каршы экенин, Грузияда "жибек революциясы" орун алганын жарыялап, залдагылардын бир даары аны кол чаап тосуп алганы көргөзүлдү. Президент Шеварднадзе жансакчыларынын коштоосунда имараттан чыгып кетип баратып отставкага кетпейм деп убада кылды. Эң соңку маалыматтар боюнча, оппозициячылар өзүлөрүнүн лидери, мурдагы парламенттин спикери Нино Буржанадзени убактылуу президент деп жарыялашты. Грузиянын оппозициячыл кыймылдары парламенттик шайлоо өткөн 2-ноябрдан бери нааразылык акцияларын өткөрүп келатышат. Алардан башка эл аралык байкоочулар да Грузиядагы парламенттик шайлоо өкмөтчүл партиялардын пайдасына бурмаланып өткөрүлгөнүн белгилешкен.
Грузияда президент Шеварднадзе өзгөчө кырдаал жарыялады, оппозиция убактылуу президентти дайындады
Президент Шеварднадзе өзгөчө кырдаал киргизилгенин жарыялап, оппозициячылардын парламентти басып алганын мамлекеттик төңкөрүш өткөрүү аракети деп атады. Демонстрацияга чыккан оппозициячылар полициянын тосмосун жарып өтүп, парламенттин имаратын басып алышкан. Телекамералар тартып алган тасмалар жүздөгөн оппозициячылар президент Шеварднадзе жаңыдан шайланган парламенттин жыйынын ачып сүйлөп жаткан чакта ал жакка кирип барганын көргөзүштү. Оппозициячылардын лидери Михаил Саакашвили чогулгандарга кайрылып, анын колдоочулары күч колдонууга каршы экенин, Грузияда "жибек революциясы" орун алганын жарыялап, залдагылардын бир даары аны кол чаап тосуп алганы көргөзүлдү.