АКШ Мамлекеттик катчылыгынын өкүлү Ричард Баучердин айтымында, келерки жылдын июнуна чейин Ирактын убактылуу өкмөтү түзүлөт жана коалициялык күчтөр бийликти ошол өкмөткө өткөрүп берет. Андан кийин гана өлкөдө шайлоо уюштурулат. 30-ноябрда Ирактын Самарра шаарынын алдында ири куралдуу кагылышуу болду жана америкалыктардын айтымында, 54 ирактык согушкер өлтүрүлдү. Жергиликтүү элдин айтымында болсо, он-чакты гана адам курман болгон жана алардын көпчүлүгү карапайым тургундар.