Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:01

Жанкечтилер Москвага жетишти


Москва шаарынын Тверь көчөсүндөгү “Националь” мейманканасынын жанында автомобиль жардырылып, андан беш адам өлдү, кеминде 9 киши жараат алды.
Милициянын билдиришинче, кандуу зобун болгон жерде табылган аялдын денесине байланган жардыргыч заттар автомомилди террорчулар жардырышканын күбөлөйт.
ИНТЕРФАКС агенттиги да Москванын мэри Юрий Лужковго шилтеп, бомба жардырган жанкечтилердин бири аял экенин кабарлады.
Россия президенти Владимир Путин жардырууну террорчулардын Россиядагы демократияга жана өнүгүүгө каршы турган аракети деп атады.
Өткөн жума күнү Россиянын түштүгүндө поезд жардырылып, 44 адамдын өмүрү кыйылган.

XS
SM
MD
LG