БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте Кыргызстандагы фармацевтика тармагынын кызматкерлеринин I курултайы өттү. Курултайда тармактын азыркы абалы жөнүндө айтылды. Анда маалым болгондой, азыр Кыргызстанда керектүү дары-дармектердин 7% гана чыгарылат. Алардын 28% КМШ мамлекеттеринен, калганы дүйнөнүн башка өлкөлөрүнөн ташылып келет. Тармак негизинен жеке менчикке өткөрүлгөн. Азыр республикада иш жүзүндө 40тан ашуун фирмалар чет өлкөлөрдөн дары-дармек ташып келип, сатуу менен алектенет. Курултайда тармактын көйгөйү катары айрым медицина кызматкерлеринин адистик билиминин начарлыгы, калктын сапаттуу дары сатып алуу мүмкүнчүлүгүнүн азайганы, көчө базарларында дары-дармектер сатылып жатканы белгиленди. Мындан тышкары, ушул жылдын башында дары-дармектерге кошмо нарк салыгы алынып салынып, натыйжада дары-дармектерди жашыруун алып келип саткандар азайганы айтылды. Чет өлкөлөрдөн гуманитардык жардамга негизинен эскирип кеткен дары-дармектер алынып келинип жатканы да белгиленди.