Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:33

Ооганстанда конституциялык жыйындын биринчи отуруму аяктады


Ооганстан. Жекшембиде Кабулда жалпы ооган кеңеши Лоя Жырга биринчи күнкү отурумун аяктады. Жыйындын алгачкы күнкү отурумунда эле өлкөнүн жаңы конституциясынын долбоорун талкулоодо пикир келишпестиктер болду. Президент Хамид Карзай, болочоктогу президенттин бийлик укуктарын көбүрөөк кылыш керек десе, айрым делегаттар парламенттик башкарууну сунуш кылышты.
Карзайдын пикиринде, жыйын бир нече күнгө созулушу мүмкүн. Делегаттар жаңы конституцияны кабыл алышы жана келээрки жылга пландаштырылган Ооганстандагы жалпы элдик шайлоонун так күнүн белгилеши керек.

XS
SM
MD
LG