Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:19

Иракта өлкөнүн мурдакы диктатору Саддам Хусейн туткундалды


АКШнын президенти Жорж Буш: “Саддам Хусейн адилет, калыс сотко тапшырылат,” - деп билдирди. Буш, Ак үйдө сүйлөгөн сөзүндө, мурдакы диктатордун туткунга алынышы Ирактын көз карандысыздыгы үчүн өтө маанилүү экенин баса белгиледи:

“Мен Ирак элине мындай деп кайрылам - эми сиздер Саддам Хусейндин бийлиги кайтып келет деп эч бир коркпой эле койсоңуздар болот.

Саддам Хусейн Тикрит шаарынын жанындагы бир үйдүн жертөлөсүндө жашынып жаткан жеринен ишемби күнү кечинде колго түшкөн. Мурдакы диктатор эч кандай каршылык көрсөткөн эмес. Америкалык аскер кызматкерлеринин билдиришинче, ал куралчан болгон жана анын жанынан көлөмдүү суммадагы доллар акча табылган.

“Эмнести интернешнл” жана “Хюман райтс уотч” аттуу эл аралык укук коргоочу уюмдар Саддам Хусейндин колго түшүрүлүшүн жактыруу менен кабыл алышты. Ошону менен бирге, бул эки уюм кармалган Саддам Хусейнге адилет мамиле жасалышы керек деп билдиришти. “Эмнести интернешл” уюмунун пикиринде, мурдакы диктатор согуш туткунуна таандык укуктарга ээ. “Хюман райтс уотч” уюму болсо Саддам эл аралык сот тарабынан соттолушу керек деп санайт.

XS
SM
MD
LG