Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:13

САДДАМ ХУСЕЙН ИРАКТА АКШнын АСКЕРЛЕРИНЕ КАРШЫ ПАРТИЗАНДЫК КҮРӨШКӨ ЖЕТЕКЧИЛИК КЫЛГАНБЫ?


Жыргалбек Касаболотов, Прага http://gdb.rferl.org/73EDDA59-B578-44CC-B20C-2FC84A2875BE_w203.jpg Ирактын мурдагы президенти Саддам Хусейн колго түшкөн соң кийинки кезде Иракта америкалык аскерлерге каршы күчөп бараткан террор аракеттерине анын канчалык тиешеси бар экени саясатчыларды кызыктырууда. Эл аралык коомчулукта жана Ирактын өзүндө бул тууралуу ар кандай божомолдор бар.

АКШнын жетекчилиги Саддам Хусейндин кармалышын өлкөдө коопсуздук орнотуу аракеттеринин бурулуш учуру катары карап жатат. Атап айтканда, АКШнын президенти Жорж Буш Саддам Хусейндин камакка алынышы жаңы Иракты куруудагы бурулуш учур болгонун жекшембиде билдирди.

- Бул кишинин камалышы эркин Ирактын баш көтөрүшүндөгү маанилүү окуя болду. Бул анын өзүнүн да, анын атынан элди кор кылып кыргын салгандардын да жеңилгенин билдирет, - деди америкалык президент.

Ал эми Ирактын убактылуу өкмөтүнүн тышкы иштер министри Хошяр Зебари жекшембиде Парижде сүйлөгөн сөзүндө Саддам Хусейн көтөрүлүшчүлөр үчүн демөөр болуп келгенин, анын камалышы партизандарды күрөшкө шыктандырган себептин өзүн жок кылаарын айтып өттү.

- Менин терең ишеничимде, бул окуя Саддамдын калган тарапкерлеринин ындынын өчүрүп, аларды идеологиялык демөөрүнөн ажыратат. Саддамдын тирүү калышы Ирактын тургундарын дале болсо тынсыздандырып келген. Ошондон улам алар ачыкка чыгып, өз өлкөсүн калыбына келтирүүгө активдүү катыша албай келишкен, - деди Ирактын тышкы иштер министри.

Саддам Хусейн тутулганга чейинки убакта улам жер которуп качып жүргөн. Деги, америкалык аскерлерге жана ирак бийликтерине каршы улам жакшыраак уюшулган куралдуу күрөштү багыттоого анын канчалык деңгээлде салым кошконун аныктоо кыйын. Мындай каршылык аракеттеринин айынан курман болгон америкалык аскерлердин саны Иракта март-апрель айларында болгон согуш мезгилиндегиден да ашып кетти. Дүйшөмбүдө эле полициянын Багдаддагы эки бөлүмүнө кол салуудан бери болгондо 10 киши ажал тапты. Баш кеңсеси Лондондо жайгашкан Эл аралык стратегиялык изилдөө институтунун терроризмге каршы күрөш боюнча адиси Жонатан Стивенсондун пикиринде, Саддам Хусейн кармалган жагдайдын өзү анын антиамерикалык аракеттерди жетектөөдө түздөн-түз роль деле ойнобогонун айкындап турат.

- Ал кармалган жагдайдан даана көрүнүп тургандай, ал төңкөрүшкө эч кандай башкаруучулук көзөмөл кылган эмес. Мындан келди, төңкөрүштү башкарууну өзүнө алып, ага көзөмөл кылган башка адамдар болуш керек. Көтөрүлүштү баштаган адамдар Саддамдын тарапкерлери болушу мүмкүн. Бирок “Баас” партиясына алда канча көбүрөөк берилген адамдар да болушу мүмкүн, алар Саддамдын утулушун мындан аркы аракеттерди текке кетирген көрүнүш катары баалашпайт, - дейт Жонатан Стивенсон.

Бул аналитиктин айтымында, Ирактагы төңкүрүштүн эки канаты бар. Алардын бирин мурдагы режимдин жактоочулары түзүшөт. Башка танабы исламды жактаган жоокерлерден турат, алардын көбү Ирактан тышкары жүрүшөт жана АКШ менен болгон чоң казаттын алкагында негизинен америкалык аскерлерге кол салуу менен алек.

- Саддамдын кармалышы айрым жергиликтүү ирактыктардын демилгесинин демин суутса да, чет өлкөлүк жихадчылар муну баш бириктирүүгө себеп катары карашы мүмкүн, - дейт Жонатан Стивенсон.

Америкалык бийлик төбөлдөрү да Саддамдын кармалышы коалициялык күчтөргө каршы куралдуу күрөшкө сокку болгонун айтышкан менен, Ирактагы зомбулукту оңой менен токтото албай турганын да моюнга алышууда. АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Кондолиза Райс жекшембиде сүйлөгөн сөзүндө Ирактагы кийинки коопсуздук кырдаалы тууралуу ушуга жакын пикирин айтты:

- Бул өзү мындан ары да улана турган күрөш. Биз чынында да зомбулук улантылат деп күтүп жатабыз. Мурдагы сый-урматынан айрылып аткандар жана аларды колдоп Ирактын атуулдарына запкы көрсөткөндөр мындан ары да азыркы Ирактын атуулдарына каршы аракеттерин улантышат.

Кандай болгондо да, Ирактагы азыркы террордук жана партизандык аракеттерге мурдагы ирак президентинин тиешеси болгон-болбогонун жаңыдан башталган сурак иштери жана болочок сот жараяны даана көрсөтчүдөй.

XS
SM
MD
LG