Линктер

шаршемби, 22-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 09:57

Түркия Швейцариянын резалюциясына нааразы


Берн. Кечээ швейцариялык парламент дүйнөлүк согуш маалындагы Түркиянын Осмон султандыгынын армяндарга каршы жүргүзгөн саясатын «тукум курут» - геноцид саясаты деп таануу жөнүндө резалюция кабыл алды. Швейцар депутаттарынын жарымынан көбү колдогон бул резалюция долбооруна өлкөнүн тышкы иштер министри Мишелин Калми-Рей каршы болгон. Түркиянын тышкы иштер министррлиги швейцариялык парламенттин чечимин айыптаган билдирүүсүн жарыялады Түрктөр армяндарга каршы тукум курут саясаты болгон эмес деп эсептешет.
XS
SM
MD
LG