Конференция табияты жана ага жараша экологиялык көйгөйлөрү окшош Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо максаты менен өтүп жатат. Бул багытта аймактык борбор ачуу да болжолдонуп жатат. Конференциянын катышуучулары совет доорунан калган уулуу заттардын калдыктары көмүлгөн жайларды зыянсыздандыруу үчүн тышкы карызды жоюу зарыл деген маселени козгошту.
- Бизди өнүктүрбөй тушап турган тышкы карыздарды жеңилдетүү керек. Бул өтө маанилүү маселе. Ошондуктан, донор мамлекеттер жана эларалык каржы уюмдары ушул маселени эске алууга милдеттүү, - деп билдирди Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Осмонакун Ибраимов:
Кыргыз президентинин тоолуу райондорду өнүктүрүү боюнча кеңешчиси Асылбек Айдаралиевдин билдирүүсү боюнча, тышкы карыздарды мына ушундай жол менен жоюу толук мүмкүн. Анткени, БУУнун тоолуу аймактар боюнча эларалык жумушчу тобунун 20-ноябрда Женева шаарында өткөн жыйынында тоолуу жана кедей 10 мамлекетти тандап, алардын тышкы карызын жоюу сунушун эл аралык каржы уюмдарына жолдоо боюнча чечим кабыл алынды. Ал тизмеге киргизилген 10 мамлекеттин катарында Кыргызстан да бар.
- Ушул маселе боюнча эмдиги жылдын июнь айында Перуда жыйын болот. Ага бардык эл аралык каржы уюмдарынын өкүлдөрү катышат. Жыйында бул маселе боюнча чечим кабыл алынат. Андан кийин Париж клубуна жана БУУга кайрылабыз. Менимче, иштесек, натыйжасы болот. Тажикстандын тышкы карызынын 30% жоюлгандыгын Тажикстандын өкүлдөрү кабарлашты, - дейт Асылбек Айдаралиев.
Борбор Азиядагы мамлекеттердин ичинен Кыргызстан менен Тажикстанда экологиялык кырдаал оор. Буга алардын бийик тоолуу жаратылышы менен күчтүү агын сууларынын көптүгү башкы себеп. Кыргызстандын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Болот Айдаралиевдин айтымында, жер көчкү, жер титирөө, сел каптоо жана жер алдындагы суунун көтөрүлүшү сыяктуу табигый кырсыктар жыл сайын өлкөнү 35 млн. долларлык чыгымга дуушар кылат. Бул - табигый кырсыктардын алдын-алууга мамлекеттен бөлүнгөн каражаттан 6 эсе көп дегенди түшүндүрөт. Жыл сайын 3350 катуу жана майда жер титирөөлөр болот.
Кыргызстандын тоолуу аймактарында 2 миң көл болсо, анын 285и жырылып кетүү алдында турат. Алар жээктен чыгып кетсе 300 айылды каптап калышы мүмкүн.
Кыргызстан гана эмес жалпы Борбор Азия үчүн Майлысуу шаарынын жанындагы уран калдыктары көмүлгөн жайлардын коркунучу абдан күчтүү. Ал жердеги 36 жайдын он үчүн жаан суусу жеп кеткен. Адистер жаан жеген жерлерде жер көчкүсү жүрсө, топурак аралашкан уулуу зат Майлысуу суусу аркылуу Фергана өрөөнүн аралайт деп жатышат. Анда Өзбекстан, Тажикстандын 4 миллионго жакын калкы чоң алааматка кабылышы мүмкүн.
Дагы бир ири коркунучту Тажикстандагы Сарез көлү жаратууда. Деңиз деңгээлинен 3260 метр бийиктикте жайгашкан көлдө азыр 17 миллиард куб метр суу чогулган. Тажикстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Сарез көлүнө байланышкан көйгөйлөрдү иликтөө институтунун деректири Анвар Абдуллаевдин айтымында:
- Көл өз нугунан чыгып кетсе Тажикстан гана эмес Ооганстан, Өзбекстан жана Түркмөнстанды да каптап кетиши мүмкүн. Адистерин айтымында, эң көп зыянды Ооганстан тартышы мүмкүн, анткени, суунун 80% ушул өлкөнү каптайт. Ушундан улам азыр аймактагы 5 миллион калк коркунуч алдында турат.