Кызматташтык кеңешине Кувейттен башка Сауд Аравия, Бириккен Араб Эмираттары, Катар, Бахрейн, Оман мүчө. Эки күндүк жыйындын катышуучулары эл аралык террорчулукка каршы биргелешип күрөшүү маселесин талкуулашат. Маалыматтарга караганда, жыйында өспүрүмдөрдү ислам экстремизминин таасиринен коргоо үчүн мектеп программаларын реформалоо жөнүндөгү сунуш каралмакчы. Сүйлөшүүлөрдө Ирактагы кырдаал тууралуу да сөз болот.