Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:53

Баткенде облустук телекөрсөтүү ачууга аракет жасалууда


БИШКЕК. Баткен облусунун губернатору Аскарбек Шадиев облустук телекөрсөтүү түзүүгө аракеттенүүдө. Бул үчүн тийиштүү техника жана каражат бөлдүрүү максатында губернатор Бишкекте жүрөт. Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынына Баткен облусунан шайланган депутат Ташболот Балтабаевдин айтымында, облустагы 47 айыл-кыштакта Кыргыз улуттук телекөрсөтүүсүнүн берүүлөрү көрсөтүлбөйт. Натыйжада, ал жердеги калк өзбек жана тажик телеберүүлөрүнөн маалымат алышат. Депутат Адахан Мадумаровдун айтымында, облустук телеберүүнү түзүү үчүн 3 млн. сом жетет, ошондуктан, бул акчаны бюджеттин эсебинен чечсе болот.

XS
SM
MD
LG