Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:58

ИЧКИ ИШТЕР МИНИСТРЛИГИ «ТАЗАЛАНЫП» ЖАТАТ


Ички иштер министрлиги реформаланууга бет алды. Кызматкерлердин кесиптик деңгээлин көтөрүү, жоопкерчилигин арттыруу, паракорлукка, кызматынан кыянат пайдаланууга каршы туруу максатында министрлик өзүнүн коопсуздук кызматын түзгөн. 22-декабрда Ички иштер министрлигинин жетекчилиги жыл ичинде жасалган иштердин жыйынтыгын чыгарып, маалымат жыйынын өткөрдү.

Кыргызстандын Ички иштер министринин орунбасары Өмүрбек Эгембердиев быйылкы 11 ай ичинде мыйзам бузгандыгы жана кызматына туура келбеген иштерди жасагандыгы үчүн 2350 кызматкер жазалангандыгын, 64 кылмыш иши ачылып, 94 адам кызмат абалынан кыянат пайдалангандыгы үчүн айыпка тартылып жаткандыгын маалымдады.

- Кемчиликтер көп эле, мына быйылкы жылдын 11 айында эле биз 383 кызматкерди иштен бошотууга аргасыз болдук. Милициянын 183 кызматкери иштен айдалды. Бул бардык эле кызматкерлер өз ишин так, мыйзам чегинде аткарат дегенди түшүндүрбөйт.

Кызматын жөндөп аткара албагандар министрликтин бардык бөлүмдөрүндө кездешет. Айталы, 176 тергөөчү, экономикалык кылмышка каршы күрөшүү кызматынан 66 адам, мамлекеттик автоинспекциянын 196 кызматкери жазаланган. Кайгуул-күзөт башкармалыгынын 132, кылмыш ишин тергөөчүлөрдүн 254 кызматкерине карата ушундай эле таасир көрсөтүү чаралары көрүлгөн. Ички иштер кызматындагы алдым-жуттумдарга каршы күрөшүү азырынча анчалык натыйжа бере элек.

- Буларга азырынча кесиптик чеберчилик жетишпей жатат,- дейт Өмүрбек Эгембердиев. - Жер-жерлерден биз көптөгөн кабарларды алабыз. Биздин кызматкерлердин мыйзамды бузуп жатышкандыгы, кимдир бирөөлөргө калканч болуп атканы, кылмышкерлер менен байланышып алганы айтылат. Өздүк коопсуздук кызматы андайларды таап, айыбын ачып, кылмыш жоопкерчилигине тартышы керек.

Ички иштер министринин орунбасарынын айтымында, мыйзам бузгандыгы үчүн Бишкек ички иштер башкармалыгы жетекчисинин орунбасары М.Турганбаев кызматынан алды. Анын себебин Өмүрбек Эгембердиев мындайча түшүндүрдү:

- Бир атуул министрдин атына кат менен кайрылган. Анын арызын аягына чейин текшеришпей коюшкан. Ага М.Турганбаев чара көрбөй койгон. Өздөрүнчө топ түзүп иштешкен. Ошонун баары аныкталгандан кийин М.Турганбаев кызматтан алынды.

Министрликтин өздүк коопсуздук кызматынын жетекчиси Бердибек Жакыпбеков быйыл мыйзамды бузгандыгы үчүн көп жетекчилер жоопко тартылганын маалым кылды:

- Мыйзамды бузгандыгы үчүн биз 41 жетекчини кызматтан алдык. Бул деле чоң жаза. Анан башкаларын айта келгенде, мына бир санды айта кетейин - 11 айдын ичинде 2024 адамга жаза бердик. Былтыркы жылга караганда азыраак, бирок да ушунча адамдын жаза алышы бул - чоң көрсөткүч.

Өмүрбек Эгембердиев министрликке караштуу кызматтардын айрымдары кыскартылып, жаңы талапка ылайык башка кызматтар түзүлүп жатканын айтты. Мындан 10 жыл мурда Ички иштер министрлигинде 17 миң адам иштечү. Кийин өрт өчүрүү кызматы менен абактарды кайтаруу кызматы бөлүнүп кеткенден кийин милийсанын саны 8200гө түшкөн. Ички иштер министрлигинин кадрлар башкармалыгынын жетекчиси Имразан Рыскуловдун айтымында, ИИМдин академиясын бүтүргөндөрдүн баары иш менен камсыз болушат:

- Жыл сайын академияны 250 курсант бүтүрөт. Алардын баары ишке орношот. Бул - бүтүрүүчүлөрүн толук ишке орноштурган жападан-жалгыз окуу жайы.

XS
SM
MD
LG