Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:22

Иракта америкалык аскерлер рейддерди улантууда


Акыркы операциянын жүрүшүндө бир нече киши кармалды, алардын арасында коалицияга каршы куралдуу иштерди уюштуруп жаткан адамдар бар. Командачылыктын өкүлү Уильям Адамсон кармалгандардын баары коалиция активдүү издеп жаткан Иззат Ибрагим ал-Дуриге жакын турган адамдар экенин билдирди. Экинчи бир рейддин жүрүшүндө төрт киши, анын ичинде Ирактын мурдагы чалгындоо кызматынын жогорку даражалуу өкүлү кармалды. Азыр алардын баары суракка алынып жатат. Ал эми түндүктө Мосул шаарында жергиликтүү судьяны көчөдө машинада атып кетишти.

XS
SM
MD
LG