Россиялык отряд Бамга келип түшөрү менен эле ишке киришти. Баары болуп жүз жетимиш төрт куткаруучу келди, алардын карамагында мобилдүү аэрогоспитал, керектүү техникалар, үйрөтүлгөн иттер бар. Биринчи кезекте уранды алдында калгандарды издеп, аларды куткаруу боюнча операциялар башталды.
Иран президенти Мохаммад Хатами жума күнкү зилзаланы улуттук апаат деп атады. Соңку эки күндүн ичинде эле табигый кырсыктан 20 миң адамдын өмүрү кыйылганы маалым болду. Адистердин айтымында, азырынча кырсыктын кесепеттерин так аныктап чыкканга таптакыр мүмкүн эмес. Курман болгондордун саны,айрым апаздарда, атүгүл 45 миңге чамаалап барышы ыктымал. Бамда баары болуп 200 миңдей калк бар эле. Зилзаладан шаардагы турак-жайлардын дээрлик токсон проценти кыйрап калды. Кыштын ызгаар суугунда миңдеген адамдар ачык асман алдында түнөп жатышат. Эл аралык Кызыл жарым ай уюмунун өкүлү Мустафа Мохагех бу жолку кырсык таңкы апак-шапак маалда, элдин баары түнкү уйкудан жаңы эле козголуп келатканда болгонун эске салып, уранды астында басылып калгандар алда канча көп болушу мүмкүн деп ырастады.
Америкалык сейсмологдор зилзаланын күчү Рихтердин мөлчөрү менен эсептегенде дээрлик жети баллга жетсе керек деп болжолдошот. Мындай жер титирөөгө байыркы замандарда курулган көөнө имараттардан, анысы аз келгенсип жалаң сокмо дубалдан тургузулган үйлөрдөн турган Бам сыяктуу калаалар турсун, заманбап ыкмадагы шаарлар да такаат кыла албайт. Анын үстүнө Иранда күнү куру эмес жер силкинип турат. Бамдын соңунан эле Ирандын түштүк-батышында жер чайпалды. Анын күчү төрт баллга жетти. Бактыга жараша, ал олуттуу салакаларга алып келген жок.
Ушундай абалдан улам ирандыктардын көбү зилзилага анчейин маани беришпейт. Быйыл октябрда эле өлкөдөгү көрүнүктүү сейсмологдордун бири, Тегеран университетинде геофизикадан дарс окуган профессор Бахрам Акашех ирандыктарды жер титирөөгө байланышкан түшүнүктөрүн өзгөрткөнгө, үй-жай курганда муну эске алганга чакырган эле.