Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:05

«ЖАШТАР СПИДге КАРШЫ» АКЦИЯСЫ УЛАНУУДА


Жазгул Жамангулова жана Алтынбек Исмаилов Өкмөт алдындагы Туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитеттин алдындагы жаштар бөлүмү, өкмөттүн чечими менен жаштар департаменти болуп түзүлдү. Анын негизги иштерин республикалык жаштардын «Манас» ордосу алып барат. Учурда ордо «Жаштар СПИДге каршы» деп аталган бир айлык акция өткөрүүдө.

Акциянын жүрүшүндө азыркы жаштардын табитине ылайык иш-чаралар жасалды. СПИД оорусун алдын алуу боюнча түшүндүрмө менен бирге, көңүл ача турган оюндар жана дискотека уюштурулду. Дүйнө элин кооптондурган бул илдеттин алдын алуу боюнча дарыгер Лерон Сайдашев мындай дейт:

- Бүгүнкү күнү Кыргызстанда да СПИД көйгөйү күч алууда. Бул оору бүтүн дүйнө элин өзүнө багындырып баратат. Башкача айтканда, адамзат бул дартка 20 жылдын ичинде Африкада жеңилип берди. Так маалыматка таянсак, биринчижолу бул оору менен Америкада 5 адам, андан соң 111 адам катталган. Кийин бул көрсөткүч болуп көрбөгөндөй өсүп кеткен. Европада бул илдеттен 10 млн. адам каза тапты. Учурда 47 млн. адам СПИД оорусунан жабыркап, 22 млн. адам каза болду. Бир сөз менен айтканда, күн сайын 17 миң адам ооруну жугузуп, минутасына беш адам жабырланып атат.

«Жаштар СПИДге каршы» деп аталган бир айлык акцияны уюштуруучулардын бири, Туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча комитеттин төрагасынын орун басары Бакыт Жекшенов:

- СПИДге каршы күрөшүү жалаң гана медицина кызматкерлеринин эмес, жалпыбыздын милдетибиз, - дейт.

Ал эми «Манас» республикалык жаштар ордосунун жетекчи Шамшыбек Өтөбаев - Жаңы түзүлгөн жаштар депортаменти алдыга арбын план коюп атат, - деди.

XS
SM
MD
LG