Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:56

Алабука районунда семинар жыйынтыкталды


ЖАЛАЛАБАД. Семинарды облустагы атуулдук коомду колдоо борбору жана Азия өнүктүрүү банкы уюштурду. Ага райондогу социалдык проблемаларды чечүүгө кызыкдар болгон 40тан ашуун бейөкмөт уюмдар жана айыл өкмөттөрдүн адистери катышты. Алар Өзбекстандын алты бажы посту аркылуу өтүүчү Көкташ айылына баруунун, Алабука-Чаткал жолунун татаалдыгын, айыл-кыштактарда маданият үйлөрү иштебестигин, жолду оңдоо жана таза суу маселелери бар экендигин билдиришти. Чегарага жакын аймактардагы калктын жашоо-турмушун жеңилдетүү маселесин көтөрүштү. Семинардын катышуучулары социалдык маселелерди жамааттардын, айыл өкмөттөрүнүн жана эларалык уюмдардын каражаттары менен чечүүнү айтышты. Эларалык уюмдардан грант утуп алуунун жолдорун, долбоорлорду түзүүнүн ыкмаларын үйрөнүштү.

XS
SM
MD
LG