Алар палестин согушкерлери менен ок атышкан соң, Наблуста коменданттык саат киргизилди. Жабыр тарткандар тууралуу маалымат түшкөн жок, бирок жөөт аскерлери палестиндерди үйлөрүнөн кууп чыгып, турак жайларды тинтип чыкканы маалымдалды. Израилдин ички иштер министрлиги Ариэл Шарон 2001-жылдын март айында премьер-министр болуп иштей баштагандан бери палестин аймактарындагы жөөт маалелерынын калкы 16%га көбөйүп, азыр 236 миң адамды түзөөрүн билдирди.