Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:35

ИРАКТАГЫ АКЫРКЫ АБАЛ


Нарын АЙЫП, Прага Ирактагы согуш аяктады деп жарыялангандан бери жети ай өттү, бирок өлкөдөгү куралдуу кагылышуулар уланууда. Америкалык жетекчилик аны мойнуна алгысы келбегени менен, Иракта азыр кадимки эле партизандык согуш жүрүүдө. Өлкөнүн ар башка шаарларында жардыруулар уюштурулуп, куралчан адамдар тиги же бул белгилүү адамды атып кетип жаткан учурлар көбөйдү.

Жаңы жыл менен байланыштуу Ирактын борбор калаасы Багдад шаарында коопсуздук чараралы күчөтүлгөндүктөн, майрам учурунда өтө деле орчундуу мыйзам бузуулар катталган жок. Ирак полициясынын өкүлү Сармад Исамдын 1-январда айтканына караганда, шаар салыштырмалуу тынч: "Бул күндөрү биз күзөт жүргүзүү иштерин өзгөчө күчөттүк, бардык көчөлөрдө жана башка жерлерде биздин кишилер бар".

Ирактын убактылуу америкалык башкаруучулугу акырындап тартип орнотуу милдетин жергиликтүү полицияга өткөрүп берүүдө жана жаңы жылдын алдында өлкөгө Улуу Британиядан 24 адис келип, январдан тартып жергиликтүү полиция менен сабак өткөрө баштады. Окууну ай сайын 460 адам бүтөт жана бардыгы болуп 2004-жылдын аягына чейин 35 миң жаңы полициячы даярдалууга тийиш.

Анткен менен куралдуу кагылышуулар жана жардыруулар Иракта дагы эле уланууда. Жаңы жыл алдында өлкөнүн үч белгилүү адамы атып өлтүрүлдү. 28-декабрда Ирактын түндүгүндөгү Мосул шаарында чүмбөт кийген белгисиз адамдар Адил ал-Хадиди аттуу укукчуну өз үйүнүн алдында атып кетишти. Ал шаардын укукчулар уюму менен америкалык башкаруучулук түзгөн укуктук программа ортосунда байланыш үчүн жооптуу болчу. Анын алдында Юсуф Хоши аттуу адам жана шейх Талал ал-Халеди атып өлтүрүлгөн. Халеди мурда Президенттик кеңештин мүчөсү болчу, Хоши болсо эки жыл бою сот болуп иштеген, бирок акыркы мезгилде экөө тең америкалык башкаруучулук менен кызматташа баштаган.

Кээ бир байкоочулардын айтымында, бул аракеттер негизинен - өлкөдөгү абалды бейстабилдештирүүгө багытталган, журналист Роа ал-Зраринин айтымында болсо, мурда бийликте турган БААС партиясынын жоокерлери аны менен чыккынчыларды жок кылууда. Зраринин атасы Ахмет Шовкат мурда белгилүү гезиттин редактору болуп иштеген, бирок америкалыктар менен кызматташа баштагандыктан, ал дагы октябрда атып өлтүрүлгөн.

1-январда болсо Киркук шаарында үч адам курман болду, алардын бири араб, экөө күрд болуп чыкты, аларды белгисиз адамдар бычактап кеткен. Анын алдында, 31-декабрда Киркукта бир топ ири демонстрация орун алып, ал куралдуу кагылышуу менен аяктаган жана анда дагы үч адам ажал таап, отуздан ашык киши жарат алган. Демонстрацияга эки миңге жакын адам катышкан, алар негизинен жергиликтүү сунни мусулмандар менен түркмөндөр болчу. Киркук - өлкөнүн түндүгүндөгү Күрд автономиясына жакын жайгашат жана күрддөр бул шаарды акырындан күрддөштүрө баштагандыктан, жергиликтүү эл ага каршы чыккан. Анын эртеси эки күрд өлтүрүлүп кеткени менен байланыштуу элүүгө жакын куралчан адам 1-январда шаардын мэриясына чабуул койгон, бирок полиция аларды күч менен таратып, төрт кишини камакка алды.

Ирактын түндүгүндө жашаган күрддөр көп жылдардан бери Багдадка баш ийбөөгө аракеттенет, бирок президент Саддам Хусейн аларды катуу басмырлап келген. Өлкөнүн түштүгүндө жашаган шийилер өлкө калкынын 60 пайызын түзгөнү менен, алар да мурда дээрлик эч кандай укукка ээ болгон эмес. Саддамдын бийлиги кулатылгандан кийин, шийилер менен күрддөр сунни арабдарга каршы бир топ аракет көрө баштады жана эгер америкалыктар азыр өлкөдөн чыгып кетсе, улут аралык кагылышуулар эбегейсиз күчөшү мүмкүн. Кээ бир эксперттердин пикиринде болсо өлкөнүн түзүлүшү да өзгөрүп, Ирак эми конфедерацияга айланышы ыктымал.

XS
SM
MD
LG