Маалымат агенттиктери кечээ кечинде жана өткөн түнү бою бул жерлерде атышуулардын орун алгандыгын кабарлашат. Америкалык командачылык Ирактагы козголоңчулардын шектүү делген жайларына абадан сокку урулгандыгын билдирди.
Кечээ коалициялык күчтөр Багдаддагы мечиттердин бирин тинтип чыгышты. Тинтүү учурунда көптөгөн курал-жарактар жана жардыруучу заттар табылды. 30дан ашуун адам камакка алынды. Жергиликтүү жашоочулар америкалык аскерлердин мечитти тинтүүсүнө каршы нараазылык билдиришти.