Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:29

Жалалабаддагы айдоочулардын нааразылык акциясы


ЖАЛАЛАБАД. 8-январда өткөн нааразылык акциясына эл ташуучу унаалардын отуздан ашуун айдоочулары катышты. Алар Сузактын Достук жана Благовещенко айылына каттай албай калганына нааразы болушуп, шаардык комиссиянын мындай чечимин жокко чыгарууну сурашты. Айдоочулар Транспорт жана байланыш министрине, облустун губернаторуна жазган кайрылуусун облустук бийликтин өкүлдөрүнө тапшырышты. Анда Жалалабад шаардык мэриясы өткөргөн тендердин чечимине нааразы болушканы айтылат. Анткени, 70тен ашык айдоочу жумушсуз калышкан. Мэриянын өзүнө 22-декабрдан бери кайрылуудан натыйжа чыккан эмес. Облакимияттын адиси маселени мыйзамдуу жол менен шаар башчынын катышуусунда талкуулоону сунуш кылды жана унаа каттамдарын тартипке салуу боюнча иш-чара башталып жаткандыгын түшүндүрдү.

XS
SM
MD
LG