Мамлекеттик катчы Колин Пауэлл бул тууралуу бүгүн Жапониянын Эн –Эйч –Кей телеканалына берген маегинде билдирди. К. Пауэлл белгилегендей, Вашингтон Түндүк Корея маселеси боюнча алты тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлапасы өтүшүн да жактайт. АКШ, Түндүк Кореядан башка Кытай, Орусия, Жапония жана Түштүк Корея катышкан сүйлөшүүлөрдүн алгачкы айлампасы былтыр августа Пекинде өткөн эле. Мунун аралыгында Түндүк Корея АКШнын Пхеньянда болгон бейрасмий делегациясына "туруштук берүүчү өзөктүк каражаттар" көргөзүлгөнүн жарыялады. Америкалыктарга чын эле өзөктүк бомба көргөзүлгөн - көргөзүлбөгөнү азырыча белгисиз. Окумуштуулар менен конгрессмендердин жардамчыларынан турган делегациянын Түндүк Кореядагы визити кечээ аяктаган. Алар Йонбон өзөктүк комплексинде да болушту.