Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:23

Орусча чыккан Башмыйзамдын айрым беренелеринин мааниси кыргызча котормосуна дал келбей турганы айтылууда


БИШКЕК. 2003-жылы кабыл алынган Конституциянын жаңы редакциясынын кыргызча котормосунун 56-беренесинин 2-пункту,16-беренесинин 8-пункту жана 9-беренесинин 1-пункту Конституциянын орус тилиндеги аталган пунктарынын маанисине дал келбейт. Ушундан улам Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Азимбек Бекназаров Башмыйзамдын аталган беренелеринин кайсы тилдеги котормосун колдонуу керектигин тактап берүүнү өтүнүп, Конституциялык сотко кайрылды. «Мындан бир нече күн мурда Шайлоо кодекси жөнүндө мыйзам кабыл алынган учурда Конституциянын 56-беренесинин 2-пунктунун кыргызча эмес, орусча котормосу колдонулду. Ошондуктан мындай талаш-тартышка өлкөнүн Конституциялык соту гана акыркы чекит коюшу керек», - дейт Азимбек Бекназаров.

XS
SM
MD
LG