Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:04

Оппозициялык партиялар шайлоо блогун түзүштү


БИШКЕК. Кыргызстандагы оппозициялык маанайдагы 6 саясий партия «Эл бийлиги үчүн» шайлоо блогун түзүштү. Анын курамына «Асаба», «КДК», «Кайран эл», «ЭрК», «Эркиндик» жана «Республика» партиялары кирди. Бул тууралуу аталган партиялардын лидерлери 14-январда өткөн маалымат жыйыны учурунда билдиришти. Шайлоо блогунун жакынкы максаты адилет жана таза парламенттик шайлоо өткөрүүгө аракеттенүү, президенттик шайлоого бирдиктүү талапкер менен чыгып, жеңишке жетишүү экендиги айтылды. Маалымат жыйынын өткөргөндөрдүн айтымында, түпкү максат болсо - авторитардык бийлик системасын жоюп, элдин кызыкчылыгына кызмат кылган мамлекетти түзүү.

XS
SM
MD
LG