БИШКЕК. 19-январда Кыргызстанга иш сапары менен Финляндия Республикасынын Тышкы иштер министри Эркки Туомиойя келет. Сапардын максаты - кыргыз-фин мамилесин андан ары өнүктүрүү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка караганда, Финляндиянын Тышкы иштер министри Бишкекте президент Аскар Акаев, Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаев жана Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Талант Кушчубеков менен жолугушат.