Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:28

Гаага трибуналы Балкан өлкөлөрүнүн өкмөттөрүн кызматташууга чакырды


Эл аралык трибуналдын прокурору Карла дел Понте Белгиянын “La Libre Belgique” гезитине берген интервьюсунда Сербиянын киши колдуу болгон президенти Зоран Жинжич, өлтүрүлөөрүнө эки жумадай калганда Ратко Младичти кармап берүүгө убада кылганын баяндады.
Дел Понте айымдын ырастоосунда, Жинжич Балкан согушу учурундагы канкордугу менен белгилүү Младичти колго түшүрүп берүүдөн тышкары, жергиликтүү армия менен полиция күчтөрүндө реформа өткөрөөрүн айткан. Жинжич былтыр 12 мартта көзгө атардын колунан каза тапкан.
Прокурор Жинжичтин өлүмү Радко Младичти, Радован Каражичти жана башка согуш кылмышкерлерин колго түшүрүүгө залакасын тийгизгенин билдирди. Ал арада бүгүн Загребде трибуналдын тергөөчүлөрү Хорватиянын ички иштер министринин орун басары Йошко Моричти суракка алышты.
БУУнун расмий өкүлдөрү Морич хорват армиясынын 1993-жылкы аскерий операцияларындагы ролун түшүндүрүш үчүн суракка тартылганын маалымдашты.

XS
SM
MD
LG