Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:07

Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы палатанын иши тууралуу айтып берди


БИШКЕК. Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары өткөн 4 жылдын ичинде 754 мыйзам кабыл алышты. Анын ичинен 20 мыйзам долбооруна президент тарабынан вето коюлду. Шайлоо мөөнөтүнүн аягына чейин палатада 399 мыйзам кабыл алынат. 4 жылдын ичинде депутаттарга шайлоочулардан 5865 кат келип түшкөн. Депутаттар 84600 шайлоочуну кабыл алышты. Бул жөнүндө жыйындын төрагасы Абдыганы Эркебаев бүгүн өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, былтыр палата 130 парламенттик талкуу өткөргөн. Быйыл палатада болжол менен 150-200 мыйзам долбоору каралып, кабыл алынышы күтүлүүдө. Алардын ичинде «Мамлекеттик тил», «Өкмөт», «Саясий партиялар жөнүндө» жана башка мыйзамдар бар.

XS
SM
MD
LG