Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:51

АКШлык ЭКСПЕРТТЕР ИРАКТАГЫ КУРАЛДАН ХИМИЯЛЫК ЗАТ ТАБЫШКАН ЖОК


Даниялык аскердик эксперттер Иракта табылган минометтун окторунун курамында химиялык уулуу газ бар деген шектенүүсүн билдиришти. Бирок, андан көп узабай аларды Пентагондун адистери текшерип чыгып, эч кандай химиялык зат табылбаганын маалымдашты.

Өткөн аптада даниялык аскерлер Ирактагы Басра шаарынын чет жагындагы жолдун алдына катылган 36 минометтун ок-жабдыктарын таап алышкан. Суу, же аба өткөрбөгөн жылчыксыз целлофан баштыкка салынып катылган ал жабдыктар тууралуу Дания армиясынын полковниги Хенрик Фрис буларды билдирди.

- Биз таап алган минометтун окторунун ичинде кандайдыр суюктук бар экенин байкап калдык. Аларды сүрөткө тартып алып, 4 ирет анализден өткөргөн соң, ичиндеги суюктук блистер газы болушу мүмкүн деген тыянакка келдик.

Америкалык командачылык алардын алгачкы тыянагын дароо колдоп кетүүдөн чеберденди. Пентагондун өкүлдөрү табылган ок-жабдыктар жер астына ондогон жылдар мурда катылган болушу мүмкүн, тийиштүү текшерүүдөн өтмөйүнчө, алардагы химиялык зат тууралуу комментарий жасоо эртелик кылат деп басым жасашты. Бир-эки күн өтпөй, Ирактагы даниялык аскерлердин басма сөз өкүлү, майор Петер Апелгаард америкалык эксперттер алгачкы иликтөөлөрдөн кийин Басрада табылган минометтун окторунан эч кандай химиялык зат табышкан жок деп маалымдады.


Лондондо жайгашкан "Жейнстин коргонуу жумалыгынын" редактору Ян Кемп Иракта табылган жаңы курал-жабдыктын мааниси жана аларга карата америкалыктардын этият мамилесин төмөндөгүдөй түшүндүрдү:

- Албетте, адистер ал жерде табылган минометтун диаметри 120 миллиметрлик октору 1980-жылы башталып, сегиз жылга созулган Ирак менен Ирандын ортосундагы согуш маалында катылган болушу мүмкүн деп жатышса, АКШ менен Британия аларга чеберденип мамиле жасоого аргасыз болушат да. Анын үстүнө 10-12 километрлик алыстыкты гана мелжей ала турган мындай майда окторду химиялык куралдардын катарына, жалпы эле стратегиялык коркунуч келтирчү куралдардын түрүнө киргизүү кыйын. Ошондуктан, албетте мындай куралдар АКШ менен Британия Иракта издеп жаткан массалык кыргын салуучу курал болуп бере албайт.


Лондондук айрым эксперттер табылган ок-жабдык жер астында аба өткөрбөгөн баштыкта 20 жылдан бери жатканы чын болсо, анда химиялык шектүү зат - эскирген темир, целлофан жана анын тегерегиндеги топурактын кошул-ташыл бөлүп чыгарган бузуку заты болушу ыктымал деген жоромолун да айтышууда. Дагы башка божомолдор боюнча, ал куралдардын жанында алгач башка химиялык зат кошулган ок-жабдык катылган болсо, ошолордун таасири да тийиши мүмкүн. Коалициялык күчтөр Иракта тапкан эски курал-жарактардын көбү кампаларда жата берип, дат басып, чирий баштаганына күбө болушкан. "Жейнс" жумалыгынын редактору Кемп Басрада химиялык курал табылбаганы анык болсо да, Вашингтон менен Лондон андай курал жакында табылып калаарына бекем ишенип турганын белгилейт.

- Иракта массалык кыргын салуучу куралды табуу – бул эми президент Буш менен премьер-министр Блэрдин кызыкчылыгына төп келчү иш. Андай курал табылышы мүмкүн болгон оңтойлуу мезгил аяктап бараткан сайын, ага элдин ишеничи да азаюуда. Анын үстүнө Ирактын аскердик арсеналын беш колундай билген мурдагы көзүрлөрдүн дээрлик баары колго түшкөнүнө карабастан, андай курал дагы эле табылбай жатканы – Саддамдын кеңири кыруучу куралы бар болгонуна ишенгендердин санын ого бетер суюлтту.

Ян Кемп коалициялык күчтөр колго түшүргөн Ирактын мурдагы жетекчилери менен илимпоз-адистери былтыр жаздан бери суракка алынып жатса да, азырынча Саддамдын согуштук арсеналы тууралуу тийиштүү маалымат түшпөгөнүнө таң калып турганын айтат.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG