БИШКЕК. «Демократия жана атуулдук коом үчүн» коалициясы президент Аскар Акаевдин 2005-жылдагы шайлоолор боюнча соңку кезде айткан пикирлерине тынчсызданганын билдирди. Анткени, Аскар Акаев 19-январда Бишкектин шаар жетекчилиги менен жолугушкан учурда, үстүбүздөгү жыл социалдык мобилизациялоо жылы экендигин белгилеп, коомчулукту 2005-жылда өтө турган парламенттик жана президенттик шайлоолорго азыртадан даярдык көрүүнү токтотууга чакырган. Коалициянын көз карашында, мамлекет башчынын мындай сөзүн аткаруу бийлигинин жер-жерлердеги өкүлдөрү 2005-жылы боло турган президенттик жана парламенттик шайлоолорго даярдык көрүүгө аракет кыла баштаган саясий партияларга жана бейөкмөт уюмдарга тоскоолдук кылыш үчүн пайдаланышы мүмкүн. Мындай мазмундагы билдирүүнү бүгүн «Демократия жана атуулдук коом үчүн» коалициясы таратты.