Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:51

АКШнын президенти Жорж Буш Ирактагы аскердик операциялардын толук жүйөөлүү экендигин кайрадан билдирди.


Буш Конгресстин кош палатасынын биргелешкен жыйынында “Өлкөдөгү абал тууралу” кайрылуу жасады. Буштун Конгрессте сүйлөгөн сөзүнө караганда, Саддам Хусейндин режими али толук талкалана элек жана жапырт кыргын салуучу куралдарды даярдоого кудуреттүү.
Ошондой эле Буш операцияларды өткөрүүдө эч кимдин уруксатынын зарылчылыгы жок, анткени ал операциялар америкалык жарандарды коргоого багытталган деп баса белгиледи.
Мындан тышкары президент Ливиянын жапырт кыргын салуучу куралдарды иштеп чыгуудан баш тартуусуна Ирактагы согуш чечүүчү өбөлгө болду деп белгиледи. Ал учурда
АКШнын демократиялык партиясы президент Буштун саясаты Кошмо Штаттардын дүйнөдөн обочолонушуна алып келди жана башка өнөктөш өлкөлөр менен байланышты начарлатты деп айыптады. Демократтардын өкүлдөр палатасындагы лидери Ненси Пелоси Буштун администрациясынын тышкы саясатын кескин сынга алды. Демократтардын экинчи бир өкүлү сенатор Либерман Бушту өлкөнүн экономикасын начарлатты, саламаттыкты сактоо тармагын алсыратты жана АКШнын дүйнө өлкөлөрү менен болгон мамилесин начарлатты деп билдирди.

XS
SM
MD
LG