Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:16

КОМИТЕТ СОЦИАЛДЫК ТӨЛӨМДӨР МЕНЕН ПЕНСИЯЛАРДЫ ТӨЛӨӨ МЫЙЗАМДУУЛУГУН ТАЛКУУЛАДЫ


БИШКЕК. Өзгөн, Алай, Жумгал, Араван, Каракулжа райондорунда пенсия, пособиелерди өз убагында төлөө тууралуу мыйзамдарды бузган 76 факт катталган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынынын социалдык саясат комитетинин отурумунда маалымдалды. Комитетте кечээ Кыргызстан аймагында айлыктарды, пенсияларды жана башка төлөмдөрдү өз убагында төлөөнү камсыздаган мыйзамдардын аткарылышы талкууланды. Анда айлык, пенсия пособиелерди төлөө учурунда жер-жерлерде кетирилип жаткан мыйзам бузууларды жөнгө салууга тиешелүү тармактарды комитет атайын токтом менен милдеттендирди. Токтомдун аткарылышы тууралуу өкмөт палатага 15-мартта билдирмей болду. Комитеттин бул токтому бүгүн палатада талкууланаары күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG