Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:54

Талас районунун борбору жаңы жерге которулууда


ТАЛАС. Жазында "Жер үй» алтын кенин иштетүү башталышы күтүлүүдө. Ушуга байланыштуу Талас районунун борбору инфраструктурасы бир топ түзүлүп калган Көгөй айылынан Аксай айылына көчүрүү чечими кабыл алынып, алдын ала даярдыктар жүрүп жатат. Бир нече миллион сомдук чыгымы менен байланышкан мындай кадамга баруу, "Жер үй кенин" иштетүүгө ниеттенип жаткан чет элдик компаниянын демөөрчүлүк жардамына ишенип жасалып жатат. Райондун борборун көчүрүүгө байланыштуу адамдардын отурукташып, калган бөлүгү ал жакка жер которууга ниеттери жок. Жергиликтүү байкоочулардын эсебинде 300гө жакын үй-бүлө жылуу орундарынан козголууга туура келет.

XS
SM
MD
LG