Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:36

Марс планетасында муз табылды


Европалык космос агенттигинин айтымында, анын космос кемеси Марстын бетинен муз тапты. Эгер бул маалымат такталса, анда планетада тиричилик да болушу мүмкүн. "Марс экспресс" деп аталган кеме июн айында учурулган жана декабрда Марска жетип, азыр планетаны айланууда. Агенттиктин илим боюнча деректири Дэйвид Саутвуддун айтымында, дагы жаңы ачылыштар болушу мүмкүн: "Бул башталыш гана. Келерки эки жылда дагы көп ачылыштар болот. Биз азырынча жөн гана көшөгөнүн бир четин эле ачтык". Январдын башында Марска конгон америкалык марсжүргү эки күн дайны жок болгондон кийин кечээ күнү кайрадан Жерге маалымат жибере баштады. Бүгүн Марска дагы бир америкалык робот конууга тийиш.

XS
SM
MD
LG