БИШКЕК. Бүгүн Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Осмонакун Ибраимов менен БУУнун калкты жайгаштыруу фондусунун Кыргызстандагы аткаруучу өкүлү Александр Ильин маалымат жыйынын өткөрүштү. Анда калкты жайгаштыруу боюнча 12-14-январь күндөрү Женевада өткөн Европалык форум тууралуу маалымат берилди. Дүйнөнүн 19 мамлекетинин 350 өкүлү катышкан форумда демографиялык өзгөрүүлөр жана адамдардын жашоосун жакшыртууга багытталган Каир программасын ишке киргизүү маселеси каралган. Осмонакун Ибраимовдун билдирүүсүнө караганда, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан саламаттык сактоо реформасына жакшы баа бергени менен, уюмдун колунда өлкөдөгү энелер менен балдардын өлүмү тууралуу так маалыматтар жок. Ал эми Александр Ильиндин айтымында, балдардын өлүмү азыр басаңдап калганы менен, энелердин өлүмү көбөйдү. Александр Ильиндин пикири боюнча, бул - өз кезегинде - энелердин өлүмү тууралуу статистикалык маалыматтардын так жана толук жыйналып жаткандыгынан кабар берет.