Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:26

КЫРГЫЗСТАНДА ШАРП ЫЛАҢЫ КҮЧӨӨДӨ


Бишкек. «Учурда Ысыккөл обласынын Тоң районунун Шорбулак, Карашаар, Туурасуу, Акөлөң, Оттук, Комсомол айылдарында шарп ылаңы абдан күчөп, кара малдан башка жандыктарга да жуга баштады. Карапайым калктын ооруган малды дарылоого жардам сураган өтүнүчүнө райондук жана областтык бийлик өкүлдөрү бир нече күндөн бери эч кандай жооп бербей жатат». Мындай маалыматты бүгүн «Азаттыкка» Балыкчы шаарында көп жылдар бою мал догдур болуп эмгектенген Мусакунов Капар жана Шорбулак айлынын тургуну Дүйшөналиев Өмүрбек кабарлашты. Жогорку маалыматты тастыктоодон Тоң райондук администрациясынын атын атагысы келбеген кызматкери баш тартты. Ушул эле күнү Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү министринин орун басары жана маалымат кызматынын өкүлү шарп ылаңы тууралуу азырынча маалымат таратылбай тургандыгын айтышты. Шарп ылаңына байланыштуу бейшемби күнү Казакстан Өзбекстандан, Кыргызстандан эт алып келгендерге чек арасын убактылуу жапкандыгын жарыялаган.

XS
SM
MD
LG