ЛОНДОН. Бүгүн Британиянын парламенти лорд Хаттондун Коргоо министрлигинин мурдагы эксперти Дэвид Келлинин өлүмү боюнча отчетун угууну баштап, аны тез арада токтотууга аргасыз болду. Талкуунун өтүшүнө Ирактагы согушка каршы чыккандар тоскоолдук кылды. Талкуу башталганда эле премьер-министр Тони Блэр Ирактагы согуш алдында чалгын кызматтары кайсы булактарга таянып, Саддамдын кеңири кыргын салуучу куралдары бар деген маалыматты таратканын текшерүү боюнча комиссия түзөөрүн дагы бир ирет эскертти. Тони Блэр кыргын салуучу куралдар боюнча эксперт Брайан Жонстун "Индепендент" гезити аркылуу “чалгын кызматтары “Британ бийлигине Иракта өзөктүк куралдар жок” деген” маалымат берип келген” деген билдирүүсүн да четке какты.