Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:51

«Эл үчүн» шайлоо блогунун иштөө жобосу талкууланууда


БИШКЕК. Кыргызстандагы оппозициялык партиялар тарабынан түзүлгөн «Эл үчүн» шайлоо блогунун жобосунун долбоору талкууланууда. Бул жөнүндө бүгүн аталган шайлоо блогунан маалымдашты. Алынган маалыматка караганда, жобонун долбоорунда бирикменин иштөө принциптери, башка саясий блоктор менен биригүүсүнүн жолдору каралган. Жобого ылайык, бирикменин жогорку органы Координациялык кеңеш. Ал эми аткаруу органы республикалык штаб болот жана алар Бишкекте жайгашат. Жободо белгиленгендей, жакында республиканын бардык облустарында «Эл үчүн» шайлоо блогунун штабдары түзүлө баштайт. Ушул жылдын 14-январында уюшулган «Эл үчүн» шайлоо блогунун курамына «Асаба» кайра жаралуу, Кыргызстан демократиялык кыймылы, «Кайран эл», «Эркиндик», «Эркин Кыргызстан» жана «Республика» партиялары кирген. «Эл үчүн» саясий блогу өзүнүн башкы максаты- келээрки парламенттик жана президенттик шайлоону адилет, ачык өткөрүү, президенттик шайлоодо бир талапкерди көрсөтүү, өлкөдөгү бийликти конституциялык жол менен алмаштыруу деп жарыялаган.

XS
SM
MD
LG