Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:36

Алабука-Чаткал жолу ачылды


ЖАЛАЛАБАД. Убактылуу жабылган Алабука-Чаткал унаа жолу ачылды. Жолдун ачылышын ал жерде иштеген экология жана өзгөчө кырдаалдар, транспорт жана байланыш министрликтерине тиешелүү беш техника менен он беш кызматкер камсыз кылды. Облустан ыраак турган эки районду байланыштырган жолдун 74 - жана 103-чакырымдагы аралыкка 8-февралда 300 миң кубометр өлчөмдөгү кар көчкү түшкөн. Аба ырайы бузулган сайын деңиз деңгээлинен 2300 метр бийик келген Чапчыма ашуусун бурганак каптап, калың кар түшөт. Ашуу жолун дайыма тазалап туруу үчүн ал жерге облустук жол башкармасынын бир бульдозери коюлган. Жүргүнчүлөрдүн пикири боюнча, көчкүнү тазалоого бир трактор аздык кылат.

XS
SM
MD
LG