Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:17

Салык инспекциясындагы кызматтан бошотуулар


БИШКЕК. “Каржы министрлигинин алдындагы салык инспекциясынын 400 кызматкери кызматынан негизсиз бошотулуп, «Мамлекеттик кызмат жөнүндө» мыйзам бузулууда” деп билдирди Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Махмуд Күчүков. Анын айтымында, кызматкерлерди массалык түрдө иштен бошотуу салык инспекциясына жаңы жетекчи келгенде башталган. Ал эми депутат Адахан Мадумаров бул көрүнүштү «кадр бизнеси» деп атады. Салык инспекциясынын кадрлар боюнча башкармалыгынын жетекчиси Николай Козинцев кызматтан штаттан сырткары кызматкерлер бошотулганын, бирок алардын саны 400дөн аз экенин билдирди. Анын айтымында, салык инспекциясынын Социалдык фондко жана айлык акы боюнча карызы көбөйгөндүктөн ушундай кадам жасалды.

XS
SM
MD
LG