Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:51

«ҮЧ ЛӨКТҮН» БЕРЛИН САММИТИНЕ КАЙЧЫ КӨЗ КАРАШТАР


Ушул шаршембиде Германиянын, Франциянын жана Британиянын саясий лидерлери Берлинде жолугушту. Бул самит, айрымдардын болжолунда, Европа Биримдигин жаңы нукка салат. Башкалар үч өлкө бөлүнүп, жең ичинен саясат жүргүзүп жатышат деп доомат коюшууда.

Канцлер Герхард Шрөдер, президент Жак Ширак жана премьер-министр Тони Блэр Берлинге өз саясаттарын кеңири майданда айкалыштыруу максатында, негизинен экономикалык маселелерди талкуулоо үчүн чогулушту. Бирок Италиянын премьер-министри Силвио Берлускони аларга Европа Биримдигинде үстөмдүк кылуучу үч дөөлөттүн "директориясын" түзүп жатышат деген доомат койду.

Айрымдар "директория" сыяктуу, оомал-төкмөл кезеңде жол баштап, туңгуюктан алып чыга турган күч зарыл деп эсептешет. Чынында да, Биримдик татаал мезгилди башынан өткөрүүдө. Былтыр Ирак согушу ичтен бөлүнүп-жарылууга түрткү болду. 15 мүчө-мамлекет ошондой эле биримдиктин ички структурасын бекемдеп, тактоочу жаңы конституцияны кабыл ала албай коюшту. Азыр Биримдик жаңы мүчөлөрдү кабыл алуунун алдында турат. Бул жараян эски мүчөлөрдү да, жаңыларын да түйшөлтүп, түпөйүл кылып келет. Мунун баары, ошондой эле экономикалык саясаттагы талаш-тартыштар биримдиктин аткаруучу бийлиги болгон Европа Комиссиясын бир топ чабалдантып койду.

Ушул кырдаалды эске алганда, айрымдар жол көрсөтүүчү директория сөзсүз эле жаман нерсе эмес экендигин белгилешүүдө. Алардын бири - Берлиндеги Эркин университеттин аналити Инго Петерс. Ал Британия адатта европалык интеграцияны тереңдетүүгө салкын мамиледе экендигин эске салып, дал ушундан улам бул өлкө Берлинде калган мамлекеттердин кызыкчылыгын чагылдырды деп эсептейт:

- Айрым көз караштар Британиянын турумун колдоорун эске алганда, алардын пикири башынан эле көңүлгө алынган деп айта алабыз. Мисалы, Польша, тышкы жана коопсуздук саясатында Британиянын позициясына ыктаган дагы башка жаңы мүчө-мамлекеттер бар. Бирок баары калгандардын көз карашына үч өлкөнүн канчалык назар салаарына жараша болот. Алар таңуулаган саясат жүргүзүп жаткандай таасир калтырбашы керек. Алар мындай саясаттан алыс экени да чын.

Бирок немис аналитигинин италиялык кесиптеши Габриэл фон Тоггенбург Германия, Франция, Британия өз көмөчүнө күл тартып жатат деп шектенет:

- Немис тилинде "директория" деп аталган нерсе иш жүзүндө мыйзамдаштырылган эмес. Ал саясий реалдуулукта бар, бирок саясий структураларда же экинчи баскычтагы мыйзамдарда формалдаштырылган эмес. Демек, ага жол бербөөгө мүмкүнчүлүк жок. Эгер үч мүчө-мамлекеттин же башка мүчө-мамлекеттердин ортосундагы саясий кызматташттык күчөп жатса, бул алар үчүн жакшы нерсе, жана муну боордоштуктын жоболорун сактоо менен, белгилүү мыйзамдык чектин ичинде ишке ашырса, дурус болмок.

Италиянын Больцано шаарында жайгашкан Европалык академиянын аналитиги Тоггенбургдун ишениминде, жаңы конституция кабыл алынбаганы менен, Биримдиктин мүчөлөрүнүн бир тобу башкаларды күтпөстөн тигил же бул багытта алга озуп кете алышат. Буга жол берилет, бирок мындай кызматташтык аларга кошулбаган башка мүчө-мамлекеттерге залалын тийгизбегидей болушу керек:

- Кандай болгон күндө да, бир нерсени айтып коюшубуз керек. Бул, менимче, азыркы талкууда маанилүү маселе. Азыр "уюткулуу", "чыныгы" Европага кайтып келиш керек деп жатышпайбы. Буга мыйзамдуу жол жок. Мисалы, биримдикти негиздеген алты өлкө номер экинчи Европа Биримдигин түзө алышпайт. Бул үчүн бардык мүчө-мамлекеттердин макулдугу талап этилет, анткени бул - Биримдиктин келишимдерин өзгөртүүгө алып келет.

XS
SM
MD
LG