Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:19

Борбор Азия коопсуздугуна коркунучтар


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте «Борбор Азия коопсуздугуна коркунучтар» деген темадагы эларалык илимий конференция болду. Ага АКШ, Швеция, Улуу Британия, Түркия жана айрым шериктеш мамлекеттердин коопсуздук маселелери боюнча адистери катышты. Жыйында Борбор Азия аймагынын коопсуздугуна, эларалык терроризмге, диний экстремизмге, адам сатууга жана баңги аткезчилигине байланышкан маселелер талкууланды. Аймактын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн мамлекеттер аралык кызматташуу,тажрыйба алмашуу тууралуу пикирлер айтылды. Конференцияны Кыргызстан ички иштер министрлигинин Академиясы, «Алатоо-Ататүрк» эларалык университети НАТОнун колдоосунда өткөрдү.

XS
SM
MD
LG