БИШКЕК. 16-апрелде Бишкекте КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын жолугушуусу болору күтүлүүдө. Буга байланыштуу кыргыз өкмөтүнүн атайын жумушчу тобу түзүлүп, иштеп жатат. Бул тууралуу бүгүн кыргыз өкмөтүнун маалымат кызматынан кабарлашты. Ал эми бир күн мурун бул маселени өлкөнүн Каржы министринин орун басары Эмирлан Төрөмырзаев менен КМШ Аткаруу комитетинин уюштуруу департаментинин башчысы В.Буянов, аткаруу комитетинин иш башкаруучусу И.Сидорович Бишкекте талкуулашты. Бул жолугушууда өкмөт башчыларынын Бишкек отурумун каржылоо маселеси каралды. Бирок, ким тарабынан канча каражат төлөнөөрү ачыкталган жок. Ошондой эле отурумда каралуучу маселелер тууралуу да маалымат таратыла элек.