Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:15

НАРЫН ШААРЫНДА ЖАШОО КАНДАЙ?


Күмөндер Усупов, Нарын Кыргызстандын бийик тоолуу аймагында бир гана Нарын шаары бар. Шаар облустун негизги өнөр жай чордону катары таанылганы менен, күнү-түнү иштеген завод, фабрикага жарды. Ушундан улам шаар калкынын көбү туруктуу жумуш менен камсыз болгон эмес.

Нарын шаары деңиз деңгээлинен 2 миң 60 метр бийиктикте жайгашкан. Шаарда 41 миң калк жашайт. 2004-жылдагы эсеп боюнча, 9 миң 148 түтүн үй-бүлө бар. Өткөн жылдагы социалдык паспорт берүүнүн негизинде Нарын шаарынын элинин 33,16% эң жакыр, 31,1% жакыр жана 17,8% орто кедей деп аныкталган. Шаарда 8 миң 567 адам иштесе, 3 миң 235 тургун жумушсуз катары каттоодо турат. 6219 пенсионердин орточо каржы чарбасы 750 сом болсо, 686 жөлөк пул алуучулар айына орто эсеп менен 540 сомдон алышат.

Нарын шаар калкы үстүбүздөгү жылга карата электр энергиясына 51 млн.895 миң, жылуулукка 12 млн. 412 миң, таза сууга 650 миң, телефонго 546 миң сом карыз экендиги айгинеленди. Калктын миңдеген сомдук электр энергиясын жаккандыгынан шексинген шаар башчысынын орун басары Кубан Нурмамбетов мындай ойлорун биз менен бөлүштү:

-Электр энергияга болгон карыздын баары элдики. Чындыгында бул пайдаланылбаган энергияны аларга мажбурлап, сыртынан чечип туруп салып салган карыз. Бул энергетика тармагында иштегендердин күнөөсү.

Ал эми облустук профсоюз бирлигинин төрагасы Аманатбек Молдалиев "тарифтердин, кызмат көрсөтүү баасынын жогорулулугу, кирешенин төмөндүгү жана жумушсуздук калкты карызга батырып жатат" деген ойдо. Нарын суу-канал ишканасынын башкы адиси Темирбек Ибраимов болсо:

-Республикабыздагы учурдагы экономикалык оор кырдаал бир жагынан таасирин тийгизип, бир жагынан кызматтан пайдаланган калктын жана мекеме-ишканалардын төлөө жөндөмдүүлүгү начар болгондуктан ушундай оор акыбалга келдик. Анан кызмат акысын төлөгүсү келбегендер да бар ,-дейт.

Шаардын өз ысымын айткандан чочулаган тургуну акыны эл төлөбөй жатат дегенге макул эмес. Анын ою боюнча, калктын төлөөгө чамасы жетпей жатат:

-Убагында айлык бербейт. Кээ бир жумушчулардын айлыктары аз. Электр эмес унга, нанга жетпейт.

Шаардын дагы бир тургуну Жумакадыр уулу Кудайбергендин ою боюнча, эл жана элди башкаргандар каражатты туура эмес бөлүштүргөндүктөн кызмат көрсөтүү акысын төлөөгө моюндары жар бербей жатат:

-Анткени чоңдорубуз баш болуп карапайым элге чейин каражатты туура эмес колдонушат. Байлык, дүнүйө чогултушат, башка майда-чүйдөнү унутуп калышат. Берекеси кеткен жерде элдин, эл башкара турган адамдардын акылы кете баштайт. Карызды төлөөгө келгенде элибизде акча жок. Ал эми ошол акчасы жок үйгө кудасы келсе жок дегенде 5 бөтөлкө арак бузат. Ыймандуулукка келмейинче, сойкулукту жоймоюнча бизде эч качан береке болбойт.

XS
SM
MD
LG