Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:49

Ирандагы парламенттик шайлоодо консерваторлордун жеңип чыкканы болжолдонууда


Жума күнкү добуш берүүнүн алдын-ала жыйынтыгын эсептөө уланууда. 2 жарым миңге чукул сабырдуу турумдагы талапкер тизмеден чыгарылгандан кийин реформаторлор шайлоону бойкоттоого чакырышкан. Шайлоого элдин 51 пайызга чукулу гана келди. Ирандын тышкы иштер министринин маалымат катчысы Хамид Реза Асефи Кошмо Штаттарынын шайлоонун акыйкаттыгынан күмөн саноосун мындайча сынга алды:
- Кошмо Штаттары биздеги нагыз демократиятияны колдобойт. Алар болгону кысым көрсөтүүнүн амалын издеп жатышат. Шайлоо акыйкат жана мыйзамдуу болду.

Бүгүн Европа Шериктештинин тышкы иштер министрлери Ирандагы шайлоолорду "акыйкатсыз" деп сынга алышы күтүлүүдө. Ошол эле убакта министрлер Иран менен диалог түзүү саясатын улантуу ниетин тастыкташат.

XS
SM
MD
LG