Бүгүн жүздөгөн ооган полицайлары Кандагар провинциясындагы Талокан кыштагын короомо-короо тинтип, талибдер деп шектелген 30 кишини камакка алды. “Америкалык жоокерлер катышкан операция учурунда беш даана Калашников автоматы табылды”,- деп билдирди генерал Салим Хан.
Кечээ күнү Талоканда курулуп жаткан оорукананы текшергени келген адистер түшкөн америкалык компаниянын тикучарын белгисиз бирөөлөр аткылашкан эле. Тикучардын учкучу-австралиялык пилот ок кабылып өлдү, америкалык инженер менен британиялык сакчы жарадар болушту. Ооган котормочу жеңил жараат алды.