Кыргызстандын тышкы иштер министри А.Айтматов Ооганстандан баш алган баңгизаттар менен ислам фундаментализмин Кыргызстан үчүн коркунуч келтирген негизги факторлор деп атады. Бул тууралуу ал Вашингтондогу сапары маалында, шаршембиде Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Коллин Пауэл менен жолугушуу алдында маалымдады. Бишкектик башкы дипломат чет өлкөлөрдөн баш алган баңги аткезчилигине каршы күрөштө кыргыз өкмөтү эл аралык коомчулуктун колдоосуна муктаж экенин айтып, ашынган динчил "Хизб ут-Тахрир" уюмунун жактоочулары Кыргызстанды ислам мамлекетине айландырууну көздөп жатышканын белгиледи.