Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:45

Михаил Фрадков боюнча Кыргызстанда пикирлер ар кыл


БИШКЕК. Орусиянын президенти Владимир Путин тарабынан премьер-министрликке Европа Биримдигиндеги Орусиянын өкүлү Михаил Фрадковдун сунушталышын Кыргызстандагы айрым саясатчылар туура жасалган кадам катары баалашты. Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары Ишенбай Кадырбеков, Ташполот Балтабаев бүгүн «Азаттыкка» маалымдашкандай, Орусиянын экс-президенти Борис Ельциндин, ошондой эле президент Путиндин кадр тандоо принциби Кыргызстандагы азыркы кырдаал үчүн да үлгүлү болуп эсептелет. Саясатчылар белгилегендей, Кыргызстанда да президенттике жана премьер-министликке сөссүз эле белгилүү саясатчы келиши зарыл эмес. Тескерисинче, тажрыйбасы жетиштүү, бирок саясатта белгилүү эмес адамдын дайындалышы өлкө үчүн пайдалуу иштерди аткарууга көбүрөөк мүмкүнчүлүк берет. Анткени мындай саясатчы дайыма жогорку бийлик кызматтарында иштеген саясатчылардан тазалыгы, ар кандай саясий, коррупциялык топторго кирбегендиги менен айырмаланат.

XS
SM
MD
LG