АКШ аскерлеринин маалымдашынча, кечээ кечинде Ирактын түштүгүндө жергиликтүү калк менен атышуунун натыйжасында британдык төрт жоокер жарат алды. Аскерлердин айтымында, кагылышуу буга чейинки атышууга катышы бар деп шектелген бир адам кармалгандан кийин башталган. Ал эми Франспресс агенттигинин жергиликтүү полиция кызматкерине шилтеме берип тараткан маалыматына караганда, бул атышууда жергиликтүү эки адам набыт болгон. АКШ мындай маалыматты бышыктаган жок.