Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:06

АКШ Кыргызстандагы бийликтин алмашышын каалайбы?


БИШКЕК. Бул күндөрү АКШда жүргөн кыргыз саясатчылары менен жолугушууда АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысынын орун басары Линн Паско «Кыргызстанда бийлик алмашыш керек» деп билдирген. Бул тууралуу «Арнамыс» партиясынан дүйшөмбү күнү кабарлашты. Маалыматка караганда кыргыз саясатчылары Линн Паско жана мамлекеттик департаменттин Кавказ жана Борбор Азия бөлүмүнүн башчысы Жон Фокс, департементтин Кыргызстан боюнча адиси Мартин О. Мара менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, анда Кыргызстандагы саясий кырдаалды жана шайлоо алдындагы жараянды талкуулашкан. Учурда АКШда мурдагы премьер-министрлер Курманбек Бакиев, Амангелди Муралиев, Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Өмүрбек Текебаев, «Арнамыс» партиясынын төрагасынын орун басары Эмил Алиев жана «Акыйкат жана прогресс» партиясынын лидери Муратбек Иманалиев сапарда жүрүшөт.

XS
SM
MD
LG