Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:52

Орусиянын Кыргызстандагы атуулдары алдын ала добуш бере башташты


БИШКЕК. 14-мартта өтө турган Орусиянын президенттин шайлоого Борборшайлоокомдун төрагасы Сулайман Иманабаев байкоочу катары катышат. Бул тууралуу Борборшайлоокомдон бүгүн кабарлашты. Ал эми өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрүнүн Орусиядагы шайлоого байкоочу катары барышы белгисиз, деп кабарлады «Демократия жана атуулдук коом үчүн» өкмөттүк эмес уюмдарынын коалициясынын президенти Эдил Байсалов. Орусиянын Кыргызстандагы атуулдары болсо орус президентин алдын-ала шайлоону баштады. Маселен, АКИпресс маалымат агенттигинин кабарлоосуна караганда, Кызылкыя шаарында алдын ала добуш берүү болуп өттү. Эми 13-мартта Жалалабад шаарында, андан кийин 14-мартта Бишкек жана Ош шаарларында Орусия атуулдары өз президентин шайламакчы.

XS
SM
MD
LG